Экономикалык жана кызматтык кылмыштар боюнча өндүрүлгөн каражаттарды бюджетке кайтаруу сунушталууда

25

Бүгүн, 12-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кайтарып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко белгилегендей, Коопсуздук кеңешинин чечими жана Өкмөттүн токтомунун негизинде акыркы жылы түшкөн 2 млрд сом Бирдиктүү депозиттик эсептеги каражат укук коргоо органдарында калтырылбастан, түз республикалык бюджетке кайтарылышы керек.

“Мындагы карама-каршылыкты жоюу үчүн Бюджеттик кодекске тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү талап кылынууда” – деди Наталья Никитенко.

Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.