Таш-Көмүр шаарындагы ГЭСте адамдын сөөгү табылды – ӨКМ

15

Жалал-Абад облусунда кечээ, 11-ноябрда саат 13:59да Шамалды-Сай ГЭСиндеги көлмөдө эркек адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат ӨКМге түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Таш-Көмүр шаарындагы ГЭСке куткаруучулар барып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарышкан.

Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.