«Сөз болгон»: Жапаров карыздан кутулуу үчүн Жетим-Тоо кени берилеби деген суроого жооп берди

26

Бүгүн, 12-ноябрда премьер-министр Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны өтүүдө.

Анын жүрүшүндө Кытайдын карызы жана андан кутулуу үчүн Жетим-Тоо кени берилет делген кептер жөнүндө суроо берилди.

«Жетим-Тоонун бир пайызы эмес, бир тал, куму берилбейт. Өзүбүз иштетебиз. Жетим-Тоо мененби же башка ресурстар мененби, Кытайдын карызынан кутулуу жолдорун издеп жатабыз. Жетим-Тоо боюнча, бул ушак сөз. Кумтөрдүн катасын Жетим-Тоо болобу же башка байлык болобу, кайталабашыбыз керек. Тарыхтан сабак алышыбыз керек. Азыр Кыргызстанда эч нерсе жашыруун эмес да. Бул ошол сөз болгон. Жетим-Тоодо 5 млрд тоннадан ашык темирдин запасы бар. Бул бир 50 млрд доллардын тегерегиндеги биздин сырье боюнча запасыбыз. Анан ушунун сырьесун берип, кутулсакпы деген сөз болгон. Азыр деле ал сөз уланып жатат. Бир дагы чет мамлекеттин катышуусу болбойт. Биздин өзүбүздүн катышуубуз болот, эгерде ошол менен кутула турган болсок. Бир дагы пайызды башка өлкөлөргө бербей туруп кутулабыз. Жетим-Тоону казып, сырьесун дүйнөлүк баа менен сатсаң эле, биздин эсеп боюнча бир жылда 1 млрд доллардан кутулуп койсок болот. Жөн гана сырьесу менен эле. Бул бир жолу, башка дагы 2-3 варианты бар, эми аны кийин сүйлөшүүлөр жолу менен чечебиз», – деди Жапаров.