«Садыр Жапаров менен бир гана учурда кошулам»: Садык Шер-Нияз

909

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садык Шер-Нияз бүгүн, 12-ноябрда алдыдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Боршайкомго арыз берди.

Ал Борбордук шайлоо комиссиясына барып, арыз жазып чыкандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анын жүрүшүндө Садык Шер-Нияз бир гана учурда Садыр Жапаров менен биригерин, эгерде ага макул болбосо, анда шайлоонун акырына чейин барарын билдирди.

«Мен бир гана учурда кошулам, эгерде Садыр Жапаров парламентаризм үчүн күрөшөм, шайлоо босогосун 1 пайызга түшүрөм, сотторду көз карандысыз кылганга башымды сайып иштейм десе, анда мен Садыр Жапаровдун жанына барып, найза көтөрүп турам. Идея үчүн. Мен кызмат үчүн жүргөн адам эмесмин. Өмүр бою идея үчүн кызмат кылган адаммын. Эгерде жок, мен өзүмдүн принципиалдуу багытым бар, мен ошол менен жүрөм десе, анда эч нерсе мени жолдон кайрый албайт. Эч бир авторитеттер», – деди Садык Шер-Нияз.

Булак:Баракелде