Садыр Жапаров: Кыргызстанда бийликтин диктатурасы болбойт

69

Кыргызстанда бийликтин диктатурасы болбойт. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

«Жаңы Конституция кабыл алынса диктатура болуп кетпейби деген ойдон алыс болуу керек. Кыргызстандыктар 30 жылда үчүнчү жолу революция жасаган эл. Дал ошол диктатураны орнотпойлу, мыйзамсыздык, адилетсиздикти жок кылалы деп ушундай аракеттерге барган. Мен же башка адам президент болуп келеби кыргыз эли бийликтин диктатурасына жол бербей тургандыгын өзүңүздөр көрдүңүздөр. Менин диктатура орнотуу ниетим жок. Диктатура орнотууга аракет кылгандар да болгон. Ошол эле мезгилде бийлик колго тийгенден кийин саясатчыларды куугунтуктаган мезгилдер, буйрутма өлтүрүүлөр, журналисттерди бычактап кеткен учурлар болгон. Бул ирет мен саясий куугунтуктоо болбосун деп айтып жаттым. Ар ким өз оюн, ачык-айкын айтып турууга шарт түзүп берели деген талаптарды койдум», – деди Жапаров.

Конституциялык реформа – элдин талабы. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров өзүнүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жакын арада конституциялык долбоор парламенттин кароосуна чыгарылат.

“Конституциялык реформа – жалгыз эле менин талабым эмес, элдин талабы. Анткени өткөндө элдин толкундоолору партиялык системага каршы, бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына каршы болгон. Азыр конституциялык долбоор даярдалып жатат. Аны адистер даярдап жатат. Жакын арада ал парламентке чыгарылат. Парламентке конституциялык долбоор гана берилип, кандай Конституция кабыл алынар парламент менен коомчулук чечет. Көз карандысыз эксперттер өз сунуштарын берсе болот”, – деди ал.

Анын айтымында, даярдалып жаткан конституциялык долбоордо бир мандаттуу жана партиялык система каралып жатат. Башкача

“Бир мандаттуу кылуу элдин талабы, менин талабым эмес. Менин билишимче долбоордо 35 депутат бир мандаттуу округ, 55и партиялар аркылуу келсин деп даярдалып жатыптыр”, – деди ал.

 Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда маалымат жыйында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып өлкөнүн тышкы саясаты өзүнүн багытын өзгөртпөй тургандыгын баса белгиледи.

«Геосаясат боюнча биз адистер, аксакалдар жана башка адамдар менен кеңешип иш алып баруудабыз. Жаңылбай, жазбай иш алып барууга аракет кылабыз», – деди С. Жапаров.

Өздөрүнүн каалоосу менен келип, мамлекетке уурдаганын кайтарып жаткан адамдар бар . Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

Маалымат жыйында журналист “айрым саясатчылар, серепчилер сиз жарыялаган экономикалык мунапыс толук кандуу ишке ашпайт деген пикирин айтууда. Экономикалык мунапыс сиз ойлогондой жыйынтык берип жатабы?” деген суроо узатты.

“Ал боюнча мыйзам иштелип чыккан. Ал Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп жатат. Жаңылбасам бүгүн үч окуудан өтөт болуш керек. Мага келсе, кол коюп берем. Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам эртең-бүрсүгүнү күчүнө кирет. Менимче ал ийгиликтүү ишке ашат. Учурда күнөөсүн билген адамдар өздөрүнүн каалоосу менен келип, мамлекетке уурдаганын кайтарып жаткан учурлар бар”, – деди ал.