Садыр Жапаров: “Ажыдаарга айланбайбыз. Мен буга өзүм кепилдик берем жана өзүмө-өзүм ишенем”

133

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров пресс-конференция өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анда маалымат каражат өкүлү Садыр Жапаровго мындай суроо узатты:

“Эгемендүү Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында ажоолор ажыдаарга айланып кетет деген кызыктуу хикая биздин коомчулукта жүрөт. Сиздин өлкө башчылыгыңызга келгениңизге бир ай убакыт болду. Сиз дагы ошол салтты кыйлап өткөн жоксуз. Ажыдаарга айланууга сизде чочулоо жокпу?”.

“Ажыдаарга айланбайбыз. Мен буга өзүм кепилдик берем жана өзүмө-өзүм ишенем. Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек. Өткөндөрдүн катасын кайталабайбыз”, – деди Садыр Жапаров.