«Макмал Голд Компанинин» жамааты Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту

165

Кыргыз Республикасынын
Президентинин милдетин аткаруучу – Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри С.Н.Жапаровго

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Биз, “Макмал” алтын кен казып чыгаруу комбинатынын кызматкерлери, Комбинаттын мындан аркы туруктуу иштешине көмөк көрсүтүүңүздү өтүнөбүз.
Комбинат эки жылдык мөөнөткө токтоп калгандан кийин, жаңы дем таап, өз ишин уланта баштады. Учурда ишканада 500дөн ашуун адам эмгектенет. Айлыгыбызды убагында алып ошону менен үй-бүлөбүздү багып келе жатабыз.
2019-жылдын башында биздин комбинатка “Мансон Груп” ЖЧКсы инвестор катары келди, ал бир топ каражатты ишкананы иштетүүгө гана эмес, оңдоо-калыбына келтирүү иштерине дагы жумшады.
Ушул убакытка чейин болгон макулдашуулар да, Компания тарабынан ишке ашырылып келе жатат. Эт комбинатынын курулушу башталды, беш айыл өкмөттүн жашоочулары үчүн аары челектери (уюктары) менен камсыз кылуу боюнча тендер аяктап, азыркы тапта аларды жасоо боюнча жумуштары журуп жатат. Өз убагында салыктар жана башка төгүмдөр өлкө бюджетине төлөнүп турат.
Дагы бир маанилүү фактыларынын бири болуп “Макмал” бюджетти түзүүчү компанияларынын бири болуп эсептелет. Комбинат төлөгөн салыктардан Тогуз-Торо районунун жашоочулары пенсия жана жөлөк пул алышат, бюджеттик уюмдарга эмгек акы төлөнүп келет. Мындан тышкары, комбинат кызматкерлер үчүн азык-түлүктөрдү жергиликтүү соода-сатык түйүндөрүнөн гана сатып алат. Натыйжада жергиликтүү ишкерлерге да чоң колдоо көрсөтүп келе жатат.
Пандемия учурунда «Макмал Голд Компаниясы» Тогуз-Торо районунун элине пандемиянын жайылышына каршы комок корсотуу катары ар тараптуу колдоо көрсөткөн. Анын катарында, Компания, аймактык оорукананы кычкылтек концентраторлору, жасалма дем алдыруучу аппараттар менен, дары-дармектерди камсыз кылган, жана ошондой эле жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жылытуу тутумун оңдоо жана калыбына келтирүү үчүн акча каражатын бөлүп берген. Ошондой эле, Компания карантин учурунда Тогуз-Торо районунун үч жүздөн ашуун тургундарын тамак-аш менен камсыз кылган.
Комбинаттын жетишкендиктерине жана туруктуу иштешине карабастан, дестабилдештирүүнү киргизип, ишкананын ишине тоскоол болгон айрым адамдар пайда болууда.
Ушундай кыймыл аркеттин башында Алмаз Туманов турат, Компаниянын жетекчилигине да, кызматкерлерине да тынчтыгын бузуу, чагымчыл аракетинде журот. Анан дагы белгилей кетчу нерсе, ал оз учурда Компаниянын директору болгон жана менеджердик чеберчиликтин жетишсиздиги, ошондой эле Комбинаттын ишиндеги ачык кемчиликтер үчүн кызматтан алынган.
Маал-маалы менен кээ бир адамдарды чогултуп, кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылат.
Эгерде инвестор кетип кала турган болсо, анда Комбинаттын ишмердүүлүгүнөн баш тартууга болот. Анын кесепетинен улам кайсы жумушка барышыбыз керек? Үй-бүлөбүздү кантип багабыз? Чындыгында эле Комбинаттан башка Казарманда башка жумуш жок экени маалым.
Урматтуу Садыр Нургожоевич, учурдагы кырдаалга кийлигишип, ишкананын ишине тоскоолдук кылбастыктын айласын табуу боюнча сизден болгон жардамга муктажбыз. Сиз бир нече жолу инвесторлорду колдоо, жумушчу орундарды түзүү жана өлкө экономикасын өнүктүрүү боюнча багытты коздой жол алуу жонундо сүйлөгөнүңүздөн улам сизден жардам кутуу умуту менен кайрылып жатабыз.

Терен урматтоо менен, «Макмал Голд Компанинин» жамааты.
11.11.2020