Куудул Жамбылбек Камчиев президенттикке талапкерлигин койду

141

 Борбордук шайлоо комиссиясына алдыдагы президенттик шайлоого катышуу үчүн куудул Жамбылбек Камчиев арыз берди.

БШКдан билдиришкендей, Камчиев 1954-жылы 10-февралда төрөлгөн. Ал “Куудул-Аралаш” коомдук фондунун президенти.

Буга чейин президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга 21 киши арыз тапшырган:

1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
5. Арстан Алай — активист;
6. Бакыт Бакетаев — саясатчы;
7. Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
8. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
9. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
10. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
11. Кубан Чороев — экономист;
12. Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
13. Назарбек Нышанов — активист;
14. Нурлан Мотуев — активист;
15. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
16. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
17.Элеонора Турдубекова – Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
18. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
19. Урустам Кабылбеков – Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
20. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
21. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты.