Кубанычбек Кадыров президенттикке талапкерлигин койду

11

Кечээ, 11-ноябрь күнү президенттик шайлоого катышуу үчүн Кадыров Кубанычбек Бекбосунович Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Кадыров 1970-жылы 13-ноябрда төрөлгөн. Ал “Чындык” саясий партиясынын лидери болот.

Белгилей кетсек, Кадыров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырган 16-талапкер болду.