Жээнбековдун коррупцияга аралашканы аныкталса кандай чара көрүлөт? Жапаровдун жообу

489

 Бүгүн, 12-ноябрда премьер-министр Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны өтүүдө.

Анын жүрүшүндө эгерде Сооронбай Жээнбековдун коррупциялык иштерге тиешеси бар экени аныкталса, ал экс-президент статусунан ажырап, жоопкерчиликке тартылабы деген суроо берилди.

«Эгерде оор кылмыштарга катыштыгы болсо, анда мыйзам чегинде жооп берет. Азырынча эч кандай кылмышы жок», – деди Жапаров.

Булак:Баракелде