Бишкекте вагондо чыккан өрттөн эркек киши каза тапты

16

Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндө вагондон өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, өрттүн кесепетинен эркек киши (аты-жөнү такталууда) каза болгон. Сөөк ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Өрттүн себеби такталууда.