«Бизди пресс-катчы башкарабы?»: Текебаев Садыр Жапаров боюнча маселе көтөрдү

1047

Бүгүн, 12-ноябрда Ак үйдө Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анын башында депутат Өмүрбек Текебаев президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тууралуу суроо берди.

Текебаев кечээ Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарбайм деп жарыялаганын, себебин өзү президенттик шайлоого бара жаткандыгы менен түшүндүргөнүн айтты.

Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылып, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруудан баш тарткандан кийин өлкө башчынын ыйгарым укуктарын кимге тапшырыш керек экенин мыйзамдаштырып коюу керектигин айтып, бул маселени күн тартибинде биринчи караш керек экенин белгиледи.

Текебаев: – Эгерде Садыр Жапаров президенттин милдеттерин аткарбайм деп чечсе, кагаз жүзүндө, жарлык жүзүндө көрсөтүп койсун. Биз азыр биринчи ошону көрүшүбүз керек. Андан кийин президенттин милдеттерин кимге тапшырабыз деп ары-бери карап, ушул төрага экен деп, жок дегенде сиз ушул жерде мыйзамга ылайык деп жарыялап, эл дагы бийликтин өткөрүлүп берилгенин көрүш керек да. Мындай мамиле кылганыбыз менин оюмча туура эмес болду. Өлкө бир мүнөт да мамлекет башчысыз калбашы керек. Ушул ишти бүтүрүп койбойлубу же күн тартибиндеги 20 маселе бүткөндөн кийин карайлы деп жыйырма биринчиси кылып коёбузбу?

Спикер Талант Мамытов: – Бардык нерсенин өзүнүн процедурасы болот. Бул маселеге да келип жетебиз. Бирок өзүнүн тартиби менен, өзүнүн учуру менен.

Текебаев: – Демек президент азырынча милдетин тапшыра элек? Биз пресс-службадан билип калдык да. Каяша да, билдирүү да ошонун оозу менен айтылып жатат. Президенттен расмий кабарды качан алабыз? Ошону эле айтып койсоңуз. Ким башкарат бизди, пресс-катчыбы же президентпи?

Спикер Талант Мамытов: – Менимче президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Нуркожоевич бүгүн расмий билдирүүсүн билдирет. Бул боюнча шашпай турсак. Анан кезеги келгенде маселени чогуу карап, чечим кабыл алабыз.

Булак:Баракелде