Шинжаңдык казак Украинада депортация жайында отурганын кабарлады

14

Кытай жараны, 23 жаштагы этникалык казак, 23 жаштагы Ерсин Еркинулы Украинада депортация жайында отурганын маалымдап, Кытайга кайтарылышы ыктымал экенин, ал жакта аны кыйноо жана өлүм күтүп турганын айтып, жардам сурады.

Ал казак ЖМКларына: «Кытай паспортумду жоготуп алгам. Украин соту мени Кытайга кайтарууну пландоодо. Кытайга кайтсам, мени түрмө менен азап, кордук жана өлүм күтүп турат. Ошондуктан мени Казакстанга алып кетишиңерди суранам», — деп видео кайрылуу жолдогон.

Соцтармактарда тараган видеодо Еркинулы Казакстанга 2019-жылы келгенин, Киевге быйыл октябрда барганын айткан.

«Азаттыктын» казак кызматы Казакстандын жана Украинанын расмий органдарына кайрылды, азырынча жооп ала элек.

Юристердин пикиринде, Ерсин Еркинулы Украинадан качкын макамын сурай алат, мындан тышкары БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалынына жардам сурап кайрылса болот.

Акыркы бир нече жылдан бери бир нече этникалык казак Шинжаңда кордук көрүп Казакстанга качып келгенин билдиришкен. Жакында эле Нур-Султан шинжаңдык төрт казакка бир жылга башпаанек берди. Андан мурун ушул эле аймактан келген Сайрагүл Сауытбай тарыхый мекенинде качкын макамын ала албай, Швецияга чыгып кетип, ошол жактан башпаанек алган.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү лагерлерде негизсиз кармалып тургандыгы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Кытай жергиликтүү элдин укугу бузулганын четке кагууда.