«Кыргызалтын» ишканасынын төрагасына каршы акция өттү

37

Бишкектеги Өкмөт Үйүнүн алдында бүгүн, 11-ноябрда өткөн митингде Нарын облусунун Эмгекчил, Тогуз-Торо районунун Казарман, Чүй облусунун Кемин жана Жалал-Абад облусунун Чаткал райондорунун айрым жашоочулары «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Алмаз Алимбековду иштен алууну талап кылышты.

Алар президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылышты. Акциянын жүрүшүн журналисттер жана уюштуруучулар Интернетте түз алып көрсөтүштү.

Нааразы болгондор талаптарын «Кыргызалтын» ишканасында бир катар мыйзам бузуулар орун алып келе жатканы, буга жетекчиликтин тиешеси бар экени өңдүү себептер менен негиздешти.

«Кыргызалтын» ачык акционердик коому жана анын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков нааразы тараптын билдирүүлөрү тууралуу комментарий бере элек.

Алимбековду 2015-жылдын апрелинде ишкананын директорлор кеңеши бул кызматка сунуштап, ошол кездеги өкмөт дайындаган.