Клара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин койду

53

Бүгүн, 11-ноябрь күнү Конституциялык палатанын мурдагы соту Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Сооронкулова 1969-жылы 18-мартта төрөлгөн. Ал “Укук мектеби” коомдук фондунун жетекчиси болот.

Эскерте кетсек буга чейин президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга 12 талапкер арыз тапшырган. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.