Жаныбек Абиров жаңы бийликке кулдук уруп жүрөбү?

209

Бишкек шаардык кеңешинин тɵрагасы Жаныбек Абиров деген жаш жигит бар эмеспи. Айтылуу «уголь-магнаты», тагыраак айтканда Бишкек жылуулук борборуна Казакстандан кɵмүр ташыган «Рассвет компании» ЖЧКсынын кожоюну Болот Абировдун уулу. «Ата баркы менен кыз ɵтɵт, соодагер баркы менен бɵз ɵтɵт», – демекчи атасынын кадыры менен шаардык кеңешке депутат, кийин бакандай спикер болуп чыга келди. Негизинен шаардык кеңештин депутаттарынын 95%ы бизнесин коргоо үчүн келген бизнесмендер. Абиров деле жыргаганынан депутат болду дейсизби, тиги кɵмүр ташыган компаниясын коргоо үчүн мандат алганы айтпаса да белгилүү эмеспи. Бийликке ким келсе да келинче жүгүнүп кызматын кылып, эптеп алардын тилин таап бизнесин гүлдɵтүп келген Жаныбек Абиров азыр деле жерде калбайт. Эмдигиче белек-бечкегин кɵтɵрүп алып куттуктап да чыкты болуш керек! Же кошомат кылбай калдыңыз беле, Абиров мырза?!

Жаңы бийлик кулдук уруп келген кошоматчылардын бир мандеми бар экенин туюп, алардын былыктарын бир текшерип коюшса ашыкча болбос… Анын үстүнө Бишкек ЖЭБине көмүр ташуудагы кыңыр иштерге Абировдордун аттары аталып жүргөнү жөн жерден эместир. Андыктан бул тармактагы коррупциялык элементтерди дыкат иликтеп чыкпаса абал чатак…

ЧЫНДЫК