Дагы бир талапкер президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырды

66

Кечээ, 10-ноябрь күнү президенттик шайлоого катышуу үчүн Жеңишбек Байгуттиев Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Байгуттиев 1966-жылы төрөлгөн. Ал «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси болот.

Белгилей кетсек Байгуттиев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырган 12-талапкер болду.