Акылбек “ап” этейин деген окшойт…

263

Айтылуу кеңешчи Акылбек Жапаров 5-6-октябрда таланып, тонолуп талкаланган ак үйдү калыбына келтирүүгө 450 миллион сом кетет деп айткан эле. Албетте, азыркы оор кырдаалда, экономика токтоп, каржылык жактан каржалып турганда бул сумма оңбогондой эле каражат. Ал ортодо кээ бирлер бир нерсени билип айттыбы же божомолдоп койдубу, айтор “азыр оңдоп түзөбөй эле коелу, жакында кайра эле талкаланат” – деп жыландын башын кылтыйтты.

“Жарым миллиард каражат кетпейт кетсе 10 миллион эле кетет”-деп президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Телеграмм каналында жазды. Ал: “Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. 450 миллион сом парламенттик шайлоого жумшала турган каражат. Аны ак үйдүн чыгымы экен деп адашып айтып жатышат. Аталган имаратты оңдоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыккам, 10 млн. сомго жетпеген каражат кетет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт”, деп жазды.

Болбосо буга чейин, Жогорку Кеңештин депутаты, отко салсаң күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Акылбек Жапаров Ак үйдү оңдоо үчүн 450 миллион сом кетиши мүмкүн экенин айткан эле. Айрымасы болгон 440 миллионду Акылбек мырза “ап” этейин дедиби? Эми кантет?

Факты.кж гезити