COVID-19. Коронавирус 570 адамдан табылды, 3 киши каза болду

12

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) 570 адамдан табылып, 3 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте – 121, Ош шаарында -114, Чүй облусунда – 85, Ош облусунда – 30, Талас облусунда – 21, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 51, Жалал-Абад облусунда – 61, Баткен облусунда 82 адам жуктуруп алган.

Ошол эле учурда бир күндө коронавирустан 416 адам айыгып чыккан.

“Бишкекте – 75, Ош шаарында – 26, Чүй облусунда – 53, Ош облусунда – 56, Талас облусунда – 23, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 91, Баткен облусунда 69 киши айыкты” – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле коронавирустан бир күн ичинде өлкө боюнча – Бишкекте 2 киши, Ош облусунда 1 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 3 миң 444 бейтап, үй шартында 3 миң 892 киши дарыланууда.

“Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын 56сы канааттандырарлык абалда, 2 миң 259 киши – орточо оор, 988 адам – оор жана 141 киши өтө оор абалда”, – деп айтылат маалыматта.

Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкеринен коронавирус табылган (Таласта – 2, Ысык-Көлдө – 3). Ошол эле учурда үй карантининен 6, стационарлардан 3 медицина кызматкери айыгып чыгарылган. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктурган жалпы 3 миң 654 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 445 медкызматкер айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 63 миң 960ты түзөт. Алардын ичинен 54 миң 774 адам айыгып чыккан, 1 миң 185 киши каза болгон.