Жеңиш Разаков чын эле Тажикстандын шпиону болуп чыкпайбы?

1920

Убагында Жеңиш Разаковго карата «Тажикстандын шпиону» деген жарлык тагылып, ЖМКлардан кыйла айыпталган. Таңгалычтуусу, Тажикстандагы кайсы бир күчтөр дал ушундай маалымат чыгарып атышса, бул боюнча кыргыз бийлиги неге реакция кылган эмес? Мурдагы бийликтин тушунда Разаковго байланыштуу коомчулукта, ЖМКда бир топ чуулгандуу сындар айтылып келген. Бирок ага карабастан мурдагы бийлик “бармак басты, көз кысты” таризинде мамиле кылып, калкалап келген. Кийин УКМК текшеримиш болуп койду. Ананчы, өзү вице-премьер болуп турса адилеттүү текшерүү жүрмөк беле, туурабы? Ким билсин Разаков мурдагы бийлик төбөлдөрү менен бир устукан ооз тийгенби айтор, Разаковдун сындан башы чыкпай калганда аргасыз жөн гана кызматтан алып коюшту. Ал эми анын артынан ээрчиген сөздөрдүн чын бышыгын текшерип коюга ашыгышпады. «Унчукпаган үйдөй балээден кутулат» дегендей, тымпыйып отуруп эле баарын унуткарып кетеби? Негизи күч органдарын тейлеген экс-вице-премьер-министрдин аркасынан мындай сөздөр ээрчигени жакшылыкка алып барбайт. А балким, чын эле Тажикстандын быяктагы шпиону болуп жүрбөсүн? Коомчулук ушул күнгө чейин шек саноодо. Учурда УКМКга жерибизге, элибизге күйгөн, чек арада жаңжал чыкса эле элибизди коргойм деп чуркап жүргөн Камчыбек Ташиев төрага болуп дайындалды. Адегенде Камчыбек мырза чек арадагы чоң сырлардын бетин ачам десе, Разаковдун үстүнөн бир текшерүү жүргүзүп койсо ашыкча болбос, балким чоң сырдын жандырмагын ачаттыр. Жооп күтөбүз!

ЧЫНДЫК