Вламидир Путин: Кыргызстан соңку окуяларды өз алдынча териштирип алышы керек

236

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан соңку окуяларга байланыштуу чечимдерди өз алдынча кабыл алышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 10-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) онлайн саммитинде сүйлөп жатып айтты.

Путин Беларустагы абалга токтолуп, бул өлкө “тышкы күчтөрдүн соккусуна” кабылып отурганын белгиледи. Ошону менен катар ал “Беларустарга баарын өз алдынча, тынч териштирип алууга жана тийиштүү кадамдарды жасоого мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Бул маселе толугу менен Кыргызстандагы соңку окуяларга жана Молдовадагы ички саясий күрөшкө да тийиштүү” деди.

ШКУ уюмунун саммити коронавирус пандемиясына байланыштуу аралыктан өтүп жатат. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын катарында Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров да катышууда.

4-октябрда Кыргызстанда өткөн кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген.