Бишкекте Dodge Сhallenger унаасынын айдоочусуна автобейбаштык үчүн айыппул салынды

20

Бишкекте Dodge Сhallenger унаасынын айдоочусуна автобейбаштык үчүн айыппул салынды.

Милициянын кайгуул кызматы бидиргендей, 8-ноябрь күнү Instagram’да Dodge Сhallenger унаасынын айдоочусу автобейбаштык кылган видео чыккан.

“9-ноябрь күнү Милициянын кайгуул кызматкерлери аталган унааны көрүп калып, ага карата протокол толтуруу үчүн токтогон. Dodge Сhallenger унаасы туура эмес жерде токтотулуп тургандыктан айдоочуга 2 протокол түзүлдү”, – деп айтылат маалыматта.