Араб Эмираттарында жарандык никеге уруксат берилди

29

Бириккен Араб Эмираттардын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, никеге турбаган түгөйлөр чогуу жашай алышат. Ошондой эле спирт ичимдиктерине тыюу салган мыйзам бир аз жумшартылды. Мындан ары жашы 21ден өткөндөргө алкоголдук ичимдиктерди колдонууга, сактоого жана сатууга уруксат берилет.

“Реформалар өлкөнүн экономикалык жана социалдык абалын жакшыртууга жана “Бириккен Араб Эмираттарындагы сабырдуулук принциптерин” бекемдөөгө багытталган”,-деп билдирди WAM мамлекеттик агенттиги.

Бириккен Араб Эмираттарынын башчысы Халифа ибн Заид Ал-Нахайян мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөргө кол койгону кабарланды.