Азербайжан Тоолуу Карабакта Орусиянын аскердик тик учагын атып түшүрдү

18

Ми-24 тик учагы

Азербайжандын аскерлери Армениянын аба мейкиндигинде учуп бараткан Орусиянын Ми-24 тик учагын атып түшүрүштү. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, тик учак Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттер жүрбөгөн аймакта зениттик-ракеталык комплекс менен атып түшүрүлдү. Жыйынтыгында эки экипаж мүчөсү каза болуп, дагы бирөө жаракат алды.

Орусиянын Коргоо министрлиги тик учак 102-орусиялык аскердик базанын автоколоннасын коштоп баратканын билдирди. 102-аскердик базанын Арменияда эки гарнизону бар — Гюмри жана Ереван шаарларында. Алар С-300 зениттик-ракеталык комплекстер, МиГ-29 согуштук учактар, Ми-24П жана Ми-8МТ аскердик тик учактар менен жабдылган.

Азербайжандын Коргоо министрлиги орус тараптан кечирим сурап, тик учак «кокустан» атылганын, компенсация төлөп берүүгө даяр экенин билдирди.

«Тик учак азери-армян мамлекеттик чек арасына өтө жакын учуп бараткан, ал жерде эки өлкө аскерлеринин ортосунда активдүү согуштук кагылышуулар уланып жатат. Тик учак караңгыда, радарлар көрбөгөн төмөнкү бийиктикте учкан. Буга чейин бул аймакта Орусиянын тик учактары байкалган эмес», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.