Шадиев Кыргызстандын шамалын сагынып келген жатыптыр…

904

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-миниср Садыр Жапаров кызматка киришкенден кɵп ɵтпɵй эле экономикалык амнистия жарыялаганы маалым. Бул деген ɵз каалооң менен жегендериңди «кусуп» казынага тɵксɵң кылмыш жоопкерчилигине тартылбайсың деген нерсе. Коррупцияга малынган жетекчи-жемкорлордун акталып, актанып алышына эң мыкты мүмкүнчүлүк десек туура болот. Кырдаалдан пайдаланып ɵз каалоосу менен казынага акча тɵгүп аткандарды угуп атабыз. Болсун дейли! Мына ушул кырдаалдан пайдаланып, баягы, Баткенден суу кечип качып Америкага кирип кеткен Аскарбек Шадиев кайрадан ɵлкɵгɵ келүү аракетин кɵрүп жатыптыр. Экономикалык амнистиянын «шарапаты» менен кайрадан Кыргызстанга келүүгɵ белсенип, жогору жактагыларга байланышка чыгып, алардын кепилдигин сурап атканын эшиттик. Камалып калбашына кепилдик алса эле түнү менен келип калат экен. Амалдуу жигит эмеспи, айласын издеп атыптыр. «Тешиктен» чыгып кетти эле эми эшиктен киреби, же…

Булак:Де-Факто