Сыймык Жапыкеев дары-дармек тармагын мите курттай соруп аткан Руслан Акматовдун баскан изине кызыгып койсо…

500

Дары бизнес!

Кыргызстанда жасалма жана сапатсыз дарылардын коркунучу курч абалга жеткенин эксперттер бир канча жылдан бери белгилеп жатышат. Албетте, Саламаттыкты сактоо министрлиги тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып чара кɵргɵнгɵ аракеттенүүдɵ, бирок укук коргоо органдары шалаакы мамиле кылып, айыпталгандарды жазадан куткарып жиберген учурлар болууда. Маселен, буга чейин дары-дармек саясатына байланыштуу бир канча фактылар катталып, кылмыш иши козголсо да, аягына чыккан эмес. Айрымдарын атай айтсак, 2009-жылы онкологиялык оорулуу балдарга “андрим” деген дарыга тендер жарыяланган. Изилдɵɵлɵрдɵн кийин ал компания шампуь чыгара турганы белгилүү болгон. Экинчи дары-репретин. Бул боюнча Жогорку Кеңештин 5-чакырылыштагы депутаты Ширин Айтматова маселе кɵтɵрүп, дарыны каттоо боюнча түшүндүрмɵ сураган. Жыйынтыгында түшүндүрмɵ интернеттен алынгандыгы аныкталган. Үчүнчүсү бактомед. Аны кабыл алган балдар баспай калган.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо департаменти коррупциянын очогуна айланганы айтылып келет. Мындан тɵрт жыл мурун департаменттин ишин териштирүүнүн негизинде коррупциялык багыттагы 10 кылмыш иши козголгон. Мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 22 миллион 327 миң 715 сомду түзгɵнү кабарланган. Департамент тарабынан мыйзамсыз маалым каттар (справка) берилип, анын айынан ишкерлер бажы тɵлɵмдɵрүнɵн жана салык тɵлɵɵдɵн мыйзамсыз бошотулуп жүргɵн. Мындан башка да мыйзам бузууларды Башкы прокуратура териштирип жатканын белгилеген. Мындан сырткары, Башкы прокуратура Дары-дармек жана медициналык жабдыктар менен камсыздоо департаментиндеги коррупциялык кɵрүнүштɵр боюнча ɵкмɵткɵ сунуш киргизип, ошол учурдагы департаменттин директору Рустам Курмановду кызматтан кетирүү жана департаменттин жана Саламаттык сактоо министрлигинин күнɵɵлүү жооптуу кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу тууралуу айтылган. Жыйынтыгы эмне менен бүткɵнү белгисиз.

Андан бери убакыт ɵттү, бирок тармактагы коррупция тизгинделген жок, тескерисинче күчɵдү десек болот. Бир жыл мурун биздин ɵлкɵдɵ “ФС-1” деген препарат пайда болуп, кургак учук менен ооруган адамдарга клиникалык сыноо жүргүзүлгɵн. Тилекке каршы, бир нече кишинин ден-соолугуна олуттуу зыян келтирилип, эки бейтап каза болгон. Муну тийиштүү адистер байкап калып, анын мыйзамдуулугун жана дарынын курамын текшеришкенде жалаң йод чыккан. Иш жүзүндɵ йод кургак учукка таптакыр каршы келген элементтердин бири экени баарына маалым. Эми уруксаатты ким берген деген маселеге келсек, адамдардын ɵлүмү менен коштолгон дарыны сыноодон ɵткɵрүүнү Казакстандын “Инфекцияга каршы препараттар илимий борбору” менен Кыргызстандын Фармакология комитети макулдашкан. Кызыгы, «ФС-1» дарысынын уруксаат кагазына аталган комитеттен тышкары, дары дармек департаментинин жетекчисинин орун басары Руслан Акматов дагы кол койгондугу жергиликтүү басылмалар тарабынан байма-бай жазылды. Бирок, эки кишинин ɵлүмү боюнча Башкы прокуратура иш козгогон иште Акматовдун жоопкерчилиги ушул кезге чейин каралган жок. Ал дагы деле жогорку кызматты ээлеп, далай токтомдорду токуп, сыр бербей сыпайы тартып, мекеменин мээнеткечи катары кɵрүнгүсү келип жүргɵн чагы.

Баса, аталган ишке тиешеси бар А.Зурдинов, Г.Кулушева, Р.Акматовдор бирин бири колдоп, “карга карганын кɵзүн чукубайт” таризинде келе жатышат. Негизи, «ФС-1» – бул дарыга кошулбайт, ал биологиялык активдүү кошулмалар классына жакын. Йод, калийдин йодиди – бул ФС-1дин негизги курамы. Бул элементтердин маанисин билүү үчүн А.Зурдинов түзгɵн Кыргыз Республикасынын негизги дары-дармек каражаттарынын формулаларын карап чыкса эле баары түшүнүктүү болот. Анткени, ал формулярды карасак, ФС-1дин курамы жалаң кургак учукка каршы кɵрсɵтүлгɵн элементтерди камтыйт. Аталган дары 90 пайыз йодит болуп саналат. Демек, «ФС-1» кургак учук менен ооругандар үчүн колдонулбай тургандыгын булар эң жакшы билишкен. Тилекке каршы, мына ушуну билип туруп, уруксаат берип, токтом токуп жиберишкен. Бул дарыга уруксат алыш үчүн Казакстан тараптан келген ɵкүлдɵр 300 000 доллар беришкени айтылат, аны бул жактагы жемкорлор бɵлүшкɵн деген күбүр-шыбырлар айтылган. Тийиштүү органдар тарабынан чын-бышыгы териштирилген эмес. Жең ичинен чечилгендей таасир калтырган.

Р.Акматов аралашкан бул иште жемкорлук болгонбу деген шек азыркыга дейре күчүндɵ турат. Анткени, «ФС-1» дарысы биздин чек ара постунан ɵткɵн эмес, контрабандалык жол менен алынып келинген. Мына ушундай жол менен келген дарыга, анан да курамында кургак учукка каршы кɵрсɵтмɵлɵрү бар препараттын ак карасын ылгабай туруп, Руслан Акматовдун командасынын уруксат берип жибериши, медицина тармагына кɵлɵкɵ түшүрүп, жалпы саламаттыкты сактоо тармагына сɵз тийгизүүдɵ. А.Зурдинов, Г.Кулушева, Р.Акматовдун ɵзүм билемдик менен уруксат бере салуусу чектен чыккандык болуп эсептелет. Фармокологиялык комитет ошол бланкты да жасалмалагандыгы интернет сайттарда сүрɵтү менен бажырайып илинип турат. Азыр президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрɵшүүдɵ эч кимге, эч кандай аёо болбойт деп эскертти. Демек, Руслан Акматовдун жоопкерчилиги тез арада каралууга тийиш. Анткени, «ФС-1» препаратынын бизге мыйзамсыз кирип кетишинин ɵзү коррупция жыттанууда.

Далай ишти жең ичинен бүтүрүп кɵнгɵн Руслан Акматовдун ишин укук коргоо органдары ыкчам иликтеп, мыйзамдык баа бербесе, саламаттыкты сактоо тармагына абдан чоң кɵлɵкɵ түшүүдɵ. Бул тармактагы жемкорлук кокого жетти. Маселен, Акматов аралашкан «мафия» «Тонгкат Али» биокошулмасын дары катары каттатып, салыктан бошотуп жибергендигин, мындан ɵлкɵ экономикасы канча зыян тарткандыгын териштирсе, укмуштуудай фактылардын башы кылтыят. Аны коррупцияга каршы элдик кɵзɵмɵл коомдук бирикмесинин жетекчиси Камил Умаров бир жыл мурун казып чыгып, “Тонг-кат Али” аттуу биокошулманы дары иретинде каттатып, салыктан бошотууга жол ачышкандыгын, жемкорлуктун кесепетинен бюджетке ири ɵлчɵмдɵгү акча каражаты түшпɵй калгандыгын билдирип, укук коргоо органдарына арыз жазган. Ал бүгүнкү күнгɵ дейре каралбай жатат. Руслан Акматовдун ɵткɵн чагын карсак, дары мекемесинин түштүк филиалын жетектеп турганда кɵзгɵ кɵрүнɵɵрлүк иш кыла алган эместигин кɵрүүгɵ болот. Жомоктогудай тездик менен департаменттин жетекчисинин орун басары болгондон кийин Г.Кулушева менен А.Зурдиновдун катарына чырмалышып, «ФС-1» препараты баштаган бир катар шектүү иштин башында тургандыгы далай жемкорлуктан күмɵн жаратат. Андыктан, текшерүү органдары кылдат иликтеп, орун басардын бул орунга татыктуулугун тез арада карап чыгуулары абзел.

Эске түйɵ кетчү жагдай, министрлик дары-дармек каражаттары тууралуу мыйзамда, препараттарды жана медициналык техниканы аптекалардан тышкары жерлерде сатууга тыюу салынган. Бирок, Акматовдун жоопкерчиликсиз мамилесинен сертификатсыз препараттар ар кайсы бурчта сатылып, контрабанда болсо эбегейсиз ɵсүп жатат. Маселен, Ош базардын жанындагы дары-дармектин сатылышы эле буга күбɵ. Руслан Акматов учурда дары-дармек департаментинде ɵтɵ чоң укукка ээ, кɵп маселеге колу жеткен кызматты мыкчып олтурат. Бирок, иштей албады. Иштин кɵзүн кɵрсɵткɵн жок. Эгер мамлекеттин кызыкчылыгы, калктын саламаттыгы үчүн иш алып барганда, контрабанданын жолун тосуп, ага каршы күрɵшмɵк. Препараттар дарыканаларда бирдей баада сатылмак. Жарандарыбыз сатып алган дарысынын сапатына ишенмек. Жок дегенде элдин эсин чыгарган «ФС-1» дарысына уруксат бербейт эле. Кыскасы, Акматовго окшогондор тез арада айдалып, алган айлыгын актай турган, мекенчил, таза кадрлар иштеши керек.

Эмне үчүн жетекчиси жɵнүндɵ сɵз болбойт деген суроо пайда болушу мүмкүн. Ал «кожокɵрсүн» деген негизде гана койкоюп отурганын айты кетелик. Түшүнүктүү болушу үчүн бажы тармагын тейлеген, азыр бүт дүйнɵгɵ белгилүү болгон Раим миллионду мисалга тарталык. Ал тырмагынын учуна чейин байыган мезгилде бажынын орун басары болгон. Бирок бүт бардыгын ɵзү тейлеген, тɵрагасы жɵн гана тигилердин тапшырмасын аткарып отурган. Атургай, Раим кызматынан кетсе дагы система бүгүнкү күнгɵ чейин ɵзүнүн айдагы менен иштеп жатат. Мына ушундай жемкорлук азыр дары-дармек департаментинде ɵкүм сүрүүдɵ. Жетекчиси жɵн гана фигура. Ал эми орун басары Руслан Акматов бүт бардыгын жайлап, тийиштүү органдардын тамагын майлап жатат. Мындай адамдар тез арада кызматынан четтетилип, жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Жай мезгилиндеги илдет жайылган маалда дары-дармек жок калганын билебиз. Керектүү дарылар асмандын башына чыккан. Жүздɵгɵн мекендештерибиз ɵлдү. Ал учурда так ушул Руслан Акматовго окшогон эргулдар дары бизнесинен акча жасап, түз айтканда жарандарыбыз дарыга жетпей жан берип атканда дарынын аркасы менен акчага туйтунуп олтурганы чындык. Мындайлар жазасыз калбашы керек!

Айтмакчы, биз макаланы даярдап жатып бир тараптуу болуп калбасын деген ниетте журналисттик этиканы сактап ɵзүнүн пикирин дагы кошолу деген максатта Руслан Акматовго байланыша албай койдук. Жумушуна издеп барганыбызда бул эргул ооруканага жатып калганын уктук. Жардамчы кызына айтып байланышсын дегенибизден майнап чыккан жок. Анын ооруканага жатып калганын артын тазалап саксактап атканы деп түшүндүк…

Нургазы Айтмырзаев

Булак:Де-Факто