Проректор Суранаев суудан кургак чыгабы?

170

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун чарба иштери боюнча проректору болуп Турат Суранаев деген «киргиз» иштейт. КУУнун май-талканын кемирип олтурганына бир топ убакыт болду. Жаңы келгенде жүдɵп-какап жүрчү Тукебиз азыр бир топ эле тыңып алган. Бардар жашоо кимди тыңытпасын, туурабы? Ушул Суранаевдин университеттин ичиндеги каржылык иштерде бир топ мыйзамсыз аракеттери тууралуу жазылып, айтылып эле келе жатат. Азырынча ɵзү «ак» же «кɵк» деп жооп бере элек. Тиешелүү органдар текшерип келсе эле берчүсүн берип кетирип жиберээрин да билдик. Ушул проректордун иштерин атайын кызматтын ɵкүлдɵрү иликтеп, акыйкаттык үчүн ачыкка чыгарып койсо жакшы болмок. Же берчүсүн берип ишти жапкан Суранаев дагы суудан кургак чыгып кетеби?

Булак:Де-Факто