МЕДАЙЫМ НАРИСТЕНИ ЧАЧЫНАН СҮЙРӨП КЕЛИП КЕРЕБЕТКЕ ЫРГЫТКАНЫ ВИДЕОГО ТАРТЫЛЫП КАЛГАН

1182

Буга чейин интернетте Новосибирсктеги медициналык жайдын кызматкери жаш балага аёосуз мамиле жасап жаткандагы видео чыккан. Медайым наристени чачынан сүйрөп, керебетке ыргытканын көрүүгө болот. Видеонун авторунун айтымында медайымдын мындай мамилеси биринчи жолу гана болуп жаткан жок.Орус басылмалары жазган маалыматта, бул видео коомчулукка чыгып кеткен соң тергөөчүлөр кылмыш ишин козгоду.Ал эми медик өзү башкы дарыгерге жазган түшүнүк катында, бала тайгаланып кеткендиктен, ал чачынан кармап алганын түшүндүргөн. Ошол эле учурда, медайымдын кесиптештери буга чейин ал тарабынан ырайымсыздыктын белгилери байкалган эмес деп ырасташат. Аял клиникада он жылдай иштегени такталды.Облустук Саламаттыкты сактоо министрлиги медайымдын иштен убактылуу четтетилгенин, аны жумуштан алуу боюнча буйрук даярдалып жаткандыгын белгиледи. Тергөөчүлөр медициналык кызматкердин аракетине баа беришет, ошондой эле кылмыштын себептерин жана шарттарын аныкташат.

Элдик.Медиа