Куйтуланган Кубанычбек суудан кургак чыккысы келеби?

344

«Кустурация!»

Финполиция Жумалиевге тиешелїї окуу жайды жана мїлктєрїн текшерүүдө

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин «Таатан», «Гоин» соода борборлорунда жана ага таандык менчик жогорку окуу жайында тинтүү иштерин жүргүзүп жатат. 5-октябрдагы бийлик алмашуусунан кийин Финполицияга Сыймык Жапыкеев келген. Ал кызматка келе элек маалында Кубанычбек Жумалиевди мыйзамсыз байыган деп сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Жумалиев байлыгын адал жол менен тапканын билдирип, «Ар-намыска шек келтирди» деген негизде Жапыкеевди сотко берген. Андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн. Бишкектин Ленин райондук соту 6-августта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Сыймык Жапыкеевге карата жазган арызы боюнча чечим чыгарып, Жапыкеевден 10 миў сом компенсация өндүрүлө турган болгон. Кызыгы, кечээ күнү Кубанычбек Жумалиев айкырып чыгып, «Мен илимпоз, билимдүү, мыйзамды сыйлаган адам катары эч качан коррупциялык иштерге катышкан эмесмин. Эмне тапсам єз эмгегим менен жеттим. 2005-жылы мартта жумуштан кеткенде менин бир батир, Аламүдүн районунда эки жер тилкем, келинчегимдин эки-үч жер тилкеси гана бар болчу» деп актанды. Ага катар «менин атыма катталган 34 компаниянын тогузу гана калып, калганы жабылып калды», – деп Жумалиев оозун куу чөп менен аарчыганга аракеттенди. Компаниялар өзүн актабай калганда жабылган имиш. Биздеги көптөгөн коррупциялык иштер аз гана убакытка ачылган компанияларда болот. Куйтуланган Кубанычбек ошондой иштерди жасаган эмеспи. Муну тыкыр текшериш керек.

Эржигит Алманбетов