Жо Байден: АКШны бириктирген президент болом

24

Демократ Жо Байден 7-ноябрда шайлоону жеңгени маалым болгондон кийин жасаган билдирүүсүндө анын максаты мамлекетти бириктирүү экенин белгиледи. Делавэр штатындагы өз үйүнөн алыс эмес жерде тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, Байден буларды айтты:

«Бул өлкөнүн эли өз тандоосун жасады. Алар бизге таза жана ишенимдүү жеңиш тартуулашты. Биз Американын тарыхында эң көп – 74 миллион добуш менен уттук! Мен бөлүүгө эмес, бириктирүүгө умтулган, кызыл жана көк штаттарды эмес, жалпы Кошмо Штаттарды көргөн президент болууга ант беремин».

Дал ушул штаттан ал 1972-жылы 30 жашында сенатор болуп шайланып, чоң саясатка кадам таштаган.

Тарапташтары коронавирус пандемиясынан улам машинелеринен чыкпай, Байденди колдоп турушту. Демократтардын лидери «сынчыл риториканы токтотууга» чакырды.

Байден ишин COVID-19 пандемиясын көзөмөлгө алуудан баштай турганын билдирди. Ал «бул пандемияны жок кылуу үчүн болгон аракетин жумшарын» кошумчалады.