ВИДЕО – Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышаарын айтып, билдирүү жасады

239

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Бүгүн, 9-ноябрда ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кайрылуу таратып, парламентаризм багытын жоготууга каршы экенин жана аны коргой турганын билдирди:

«Биздин шорубуз президенттикте. Ошондуктан мурдагы президенттерибиз эл-жерине келе албай качып жүрүшөт. Керек болсо, партияларга парламентке өтүү босогосун бир пайызга түшүрүш керек».