Бир күн ичинде коронавирус 571 адамдан табылып, 5 киши каза болду

94

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) 571 адамдан табылып, 5 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте – 154, Ош шаарында – 52, Чүй облусунда – 78, Ош облусунда – 86, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 47, Жалал-Абад облусунда – 77, Баткен облусунда 56 адам жуктуруп алган.

Ошол эле учурда бир күндө 406 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 145, Ош шаарында – 15, Чүй облусунда – 64, Ош облусунда – 34, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 21, Жалал-Абад облусунда – 58, Баткен облусунда 66 киши айыкты” – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле коронавирустан бир күн ичинде өлкө боюнча – Талас облусунда 3 киши, Бишкекте – 1, Баткен облусунда 1 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 3 миң 457 бейтап, үй шартында 3 миң 737 киши дарыланууда.

“Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын 71и канааттандырарлык абалда, 2 миң 251 киши – орточо оор, 1 миң 4 адам – оор жана 131 киши өтөт оор абалда”, – деп айтылат маалыматта.

Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Ошол эле учурда үй карантининен 6, стационарлардан 8 медицина кызматкери айыгып чыгарылган. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктурган жалпы 3 миң 649 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 436 медкызматкер айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 63 миң 390ду түзөт. Алардын ичинен 54 миң 358 адам айыгып чыккан, 1 миң 182 киши каза болгон.