Бишкекте үй тоноого шектелип 23 жаштагы жигит кармалды

18

Бишкекте үйдү тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Анын айтымында, кечээ саат 05:00дөр чамасында милицияга үйдү тоноп кеткендиги тууралуу билдирүү менен кыз кайрылган.

Арыз эээси 20-25 жаштагы эркек киши үйүнө кирип, бычак менен коркутуп, 16 400 сомун уурдап кеткенин айткан кыз.

Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан 23 жаштагы шектүү жаран кармалып, Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.