ӨТКҮРБЕК ЖАМШИТОВ КЫЛТЫЙЫП ЖҮРҮП АЛЫП, КЫҢЫР ИШТЕРДЕН КУТУЛУП КЕТПЕСИН!

1251

Башаламандык, адам өлүмү үчүн УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев менен экс-министр Кашкар Жунушалиевге издөө жарыялашканы күлкү келтирүүдө. Дароо кармашпайбы? Ал эми мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун жоопкерчилиги каралбайбы? “Эт менен челдин ортосунда” жүрүп алып, бул “чимкириги” да кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп кеткенин кайда жашырабыз? Башкасын айтпасак да, Өткүрбек Жамшитов Кой-Таш окуясы боюнча камалып кете турган адам эмеспи? Бүтүндөй мыйзамсыздыктын башында ушул турган да! Эмне үчүн унутулуп калышы керек? Дагы бир топ чиновниктер армиясы КойТаш окуясында кан төгүшкөнү, элди сабаткандары боюнча жоопкерчиликтери каралышы зарыл.

“Азия Ньюс” гезити