ТӨРӨБАЙ ЗУЛПУКАРОВ БИЙЛИКТИН КҮЧҮ МЕНЕН АЙТИБАЙ ТАГАЕВГЕ КОРДУК КӨРСӨТКӨНБҮ?

222

Экс-спикер Айтибай Тагаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп жүргөндө бизнесин кеңири баштап, байбачадай доор сүргөнү эсибизде. Ноокат районунун борборунан беш кабаттуу соода-сатык кыла турган имарат куруп, Араванга чектеш аймактан кум чыгарчу карьер ачып, айтор, күүлдөп баштайт. Көп өтпөй 2010-жылдагы төңкөрүш болуп кетип, ойлогон ою ойрондолуп калат. Иши жүрүшпөй, тоскоолдуктарга учурай берет… Кийин Төрөбай Зулпукаровдун таасири артып, бийликтин аркасы менен Айтибай Тагаевдин карьерин иштетпей, беш кабаттуу имаратын ачтырбай, тоскоол жаратканы ыраспы? Бул боюнча эки тараптын тең пикирин угуу кызык болуп турат.

“Азия Ньюс” гезити