Кыргызстанда коронавирус дагы 439 адамдан табылып, 3 киши каза болду

24

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 439 адамдан табылып, 3 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте – 166, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 55, Ош облусунда – 24, Талас облусунда – 17, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 45, Жалал-Абад облусунда – 52, Баткен облусунда 52 адам жуктуруп алган.

Ошол эле учурда бир күндө 512 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 118, Ош шаарында – 33, Чүй облусунда – 57, Ош облусунда – 77, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 23, Жалал-Абад облусунда – 108, Баткен облусунда 86 киши айыкты” – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле коронавирустан бир күн ичинде 3 киши каза болгон: үчөө тең Бишкек шаарында.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 3 миң 478 бейтап, үй шартында 3 миң 615 киши дарыланууда.

Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Ошол эле учурда үй карантининен 9, стационарлардан 2 медицина кызматкери айыгып чыгарылган. Бүнүнкү күнү Кыргызстанда медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктурган жалпы 3 миң 635 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 398 медкызматкер айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 61 миң 748ди түзөт. Алардын ичинен 52 миң 855 адам айыгып чыккан, 1 миң 170 киши каза болгон.