КУРСАН АСАНОВ ЭРКИНДИККЕ ЧЫГЫП, САЯСЫЙ РЕЙТИНГИ КӨТӨРҮЛДҮ

448

Генерал Курсан Асанов 5-октябрда Акүйдү басып алууга шектелип кармалган. Сооронбай Жээнбеков УКМКнын андагы орун басарларына буйрук берип, каматып салганы белгилүү. Жаңы бийлик баш коргоо чарасын өзгөртпөй жатып, кечээ үй камагына чыгарды. Сыягы, шайлоого карай ыңгайсыз фигура экени байкалды… Кызык жагдай, эгерде Курсан Асанов Акүйдү басып алууга жан үрөсө, тополоңдун баштоочулары катары саналса, анда эмнеге Элвира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиев, Максат Мамытканов, Сыймык Жапыкеев, Жанар Акаев ж.б. саясатчылар камалбай жүрүшөт? Тизме узун да. Баары эле бирдей аракеттерде жүрүшкөн го? Бул кош стандарттуу саясат эмеспи? Натыйжада, Курсан Асанов үй камагына чыкты, эми укуктук талаада адилеттүүлүк болушу шарт. Саясый рейтинги көтөрүлдү…

“Азия Ньюс” гезити