Бишкек мэриясы: Ак үйдүн айланасындагы тосмо үч күндүн ичинде толук алынат

41

Ак үйдүн айланасындагы тосмо үч күндүн ичинде толук алынат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 14:00гө карата 145 метр тосмо алынган, жалпы узундугу 820 метрди түзөт. Темир тосмо Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан алынууда. Жалпы 40 жумушчу жана 7 атайын техника тартылган.

«Имараттын айланасындагы темир тосмонун баары алынат. Бир гана түштүк-чыгыш тарабындагы 7-апрель окуяларынын курмандыктарынын аттары жазылган эстелик такта алынбайт», – деп мэриядан билдиришти.