Айтмамат «Энергохолдингди» кыйратып бүтүп, эми каякка барат?

181

Улуттук «Энергохолдинг» тармагын тескеп жаткан Айтмамат Назаров ɵз каалоосу менен кызматтан кетип жатыптыр. Мындан бир жарым ай мурун, тагыраагы сентябрь айында парламенттик шайлоого талапкер болуп чыгып, кайра: «Мен холдингдеги баштаган иштеримди аягына чыгарышым керек!», -деп талапкерлигин ɵз каалоосу менен алып салган. Эми суроо туулат. Айтмамат мырза сентябрда бүтɵ элек болгон иштеринин баарын бүгүн бүтүрүп салдыбы? Деги эле бул киши «Энергохолдингди» жетектегенге билим-деңгээли жетеби? «Топоз» деген пиво сатып жүрүп эле кантип мамлекеттик чоң мекемени жетектеп калды? Бир дагы күн электрик болуп иштебеген, эки зымдын башын кошконду окуу жайдан окубаган адам кантип электриктердин чоңу болуп олтурду? Кызматка келгени эмне ɵзгɵрүү кыла алды? Айтор суроолор арбын, жооп жок. Балким ɵзү окуп калса жооп берип коет чыгар…

Булак:Де-Факто