Эльвира Сурабалдиева коронавируска каршы республикалык штабды жетектеди

21

Коронавируска каршы республикалык штабды вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жетектей баштады. Бул тууралуу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Эскерте кетсек буга чейин республикаык штабды биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков жетектеп келген.