УКМК: Мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелген казак жараны кармалды

20

Мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелген чет элдик жаран кармалды, – деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 4-ноябрында УКМК менен КР ИИМдин биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунан издөөдө жүргөн Казакстан Республикасынын жараны 1987-жылы Ширинов Шаин Курбанхан-оглы кармалды.

Маалым болгондой, ал өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн (“өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү”) Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Азыркы учурда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин сотко чейинки өндүрүшкө каттоо маселеси каралып жатат.

Кармалган адам Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ш. Шириновду Казакстан Республикасынын укук коргоо органдарына өткөрүп берүү маселеси каралууда.