Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 535 адамдан табылып, 4 жаран каза болду

12

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 535 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте – 151, Ош шаарында – 21, Чүй облусунда – 104, Ош облусунда – 75, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 43, Жалал-Абад облусунда – 67, Баткен облусунда – 48 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 528 адам сакайып чыкты. Бишкекте – 160, Ош шаарында – 39, Чүй облусунда – 34, Ош облусунда – 96, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 71, Баткен облусунда – 83 киши айыкты.

Коронавирустан жалпы 52 миң 343 адам айыкса, 61 миң 309 киши ооруга кабылган.

Илдеттен 1 миң 167 жаран көз жумган. Акыркы сутка ичинде 4 өлүм катталды. Бишкек шаарында 2, Талас облусунда 1, Ош шаарында 1 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 430 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 746 киши дарыланууда.

Акыркы суткада 3 миң 182 ПЧР анализи жүргүзүлдү.

Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада үй карантининен 10, стационардан 5 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 634 учур катталды, алардын ичинен 3 387 медкызматкер айыгып чыкты.