Дагы эки талапкер президенттик шайлоого катышарын жарыялады

235

БШКга өлкө президенттигине талапкер болууну каалаган 2 талапкерден билдирүү келип түштү.

Маалыматтар боюнча, пенсионер Абдыкаар Сыдыков жана “Улутман” саясий партиясынын лидери Сазыкбай Турдумалиев документтерин тапшырышты.

Буга чейин документтерди “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, белгилүү “Кыш болбойт” меминин автору Арстан Алай, экономист Кубан Чороев, активист Назарбек Нышанов, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, саясат таануучу Бакыт Бакетаев жана экс-төрага Канат Исаев тапшырган. Ошондой эле, “Реформа” саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова да шайлоого катышууга ниеттенүүдө.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 14-ноябрга чейин созулат. Мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.