Түркиядагы жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 110 адамга жетти

12
Local residents watch as members of rescue services work at collapsed buildings, destroyed in the Oct. 30 earthquake in Izmir, Turkey, Tuesday, Nov. 3, 2020. Rescuers in the Turkish coastal city pulled a young girl out alive from the rubble of a collapsed apartment building Tuesday, four days after a strong earthquake hit Turkey and Greece. (AP Photo/Emrah Gurel)

Түркиянын Измир шаарындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 110 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Тайип Эрдоган маалымат жыйын учурунда билдирди.

Буга чейин 107 адам каза болгону айтылган.

“Измирдеги жер титирөөдөн кийин урандылардын астында калган 110 адамдын сөөгү табылды. 1 миң 27 адам жабыркады. Издөө иштери дагы да улантылат”, – дейт президент.

Эскерте кетсек, Түркиянын батышында 30-октябрда күчү 6,6 баллга жеткен жер силкинүү болгон.