Талас облусунда жер титирөө катталды

11

Талас облусунда жер титирөө катталды, – деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 3-ноябрь күнү саат 23:37де Талас облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Талас районунун Кара-Суу, Көк-Кашат, Калба, Ак-Сай, Чат-Базар, Кызыл-Туу, Ак-Жар, Таш-Арык, Орто-Арык, Огонбаев айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.