ВИДЕО – Элдик Генерал Курсан Асанов абактан чыкты. Асанов билдирүү жасады

13108

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Gоvori.TVга жактоочусу билдирди.

“Биринчи Май райондук соту бүгүн, 4-ноябрда Асановду үй камагына чыгарды”,-деп билдирди жактоочу.

Белгилей кетсек, буга чейин Асановду колдоо митингдери өтүп жаткан.

Эске салсак, 12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Курсан Асановду 10-декабрга чейин камакка алган. Ал 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал эми 29-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 2-ноябрда УКМКнын имаратынын алдына Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышкан болчу.