Түркиядагы жер титирөөдөн 98 адам каза болду

10
Members of rescue services search for survivors in the debris of a collapsed building in Izmir, Turkey, Monday, Nov. 2, 2020. In scenes that captured Turkey's emotional roller-coaster after a deadly earthquake, rescue workers dug two girls out alive Monday from the rubble of collapsed apartment buildings three days after the region was jolted by quake that killed scores of people. Close to a thousand people were injured. (AP Photo/Darko Bandic)

Түркиянын Измир шаарындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 98 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин 95 адам мерт кеткендиги айтылган. “Жер силкинүүдөн 98 адам каза таап, жабыркаган 994 жарандын 847си ооруканадан чыгарылды”, – деп айтылат маалыматта.

Болжол менен 147 киши ооруканада дарыланууда. Измирде издөө-куткаруу иш-чаралары уланууда.

Эскерте кетсек, Түркиянын батышында 30-октябрда күчү 6,6 баллга жеткен жер силкинүү болгон.