Кыргызстанда доллар дагы кымбаттады

12

Бир күн ичинде Кыргызстанда доллар 50 тыйынга кымбаттады. Учурдагы курс боюнча банк жана акча алмаштыруу жайларында 1 доллар 83,5 сомго сатылууда.

Кечээ күнү доллардын курсу 82 сомдон 83 сомго жогорулаган.

Эскерте кетсек Улуттук банк октябрь айында эки ирет интервенция жасап, валюта рыногуна 59,5 млн доллар саткан.