Жакында коронавирусту дарылоо боюнча бешинчи протокол чыгат

8

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Талант Сооронбаев коронавирусту дарылоо боюнча бешинчи протокол даярдалып жатканын кабарлады. Анын айтымында, азыркы тапта бейтаптар төртүнчү протокол менен дарыланууда.

«Кабыл алынган бир протоколдун негизинде иш алып барышыбыз керек. Жакынкы эки аптанын ичинде бешинчи протокол даяр болот. Анда бардык кемчиликтер оңдолгон. Вирусту үйдө дарылоо, ооруканада кароо, сасык тумоо менен коронавирус аралашса эмне болот деген суроолордун баары камтылат», – деди Сооронбаев.

Кыргызстанда коронавирус катталган март айынан бери дарылоо протоколу тынымсыз өзгөрүп келе жатат. Кыргызстанда илдетке чалдыккандардын жалпы саны 60 279 киши болду. Вирустун курмандыктары расмий эсеп боюнча 1159га жетти. Айыккандардын жалпы саны – 51 288 адам.

3-ноябрга карата бир күндө коронавирус жугузуп алган 400 киши катталды. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, вирустан акыркы бир суткада дагы төрт киши каза болду. Алардын экөө – Бишкекте, экөө – Баткенде. Вирус Бишкек шарында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында вирус көп тарап жатат.

Бир сутка ичинде 547 киши сакайып чыкты. Азыркы тапта стационарда 3367 бейтап дарыланууда. Ал эми медициналык кызматкерлердин арасынан дагы беш кишиден вирус чыкты.

Дарыгерлер вирус Кыргызстанда октябрдын башынан бери улам күчөп бара жатканын айтып жатышат.