Ысык-Көл облусунда жер титиреди

25

Ысык-Көл облусунда жер титиреди, – деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө, бүгүн, 2-ноябрь күнү саат 00:05те Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Саруу, Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк, Дархан айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.